|
|
Билим жана карьера куруу борбору
Бул сайтты түзүүдөгү негизги максатым – билим берүү жаатында эмгектенген коллегалар арасында тажырыйба бөлүшүүнү камсыз кылуу жана тилектеш профессионалдардын коомун жаратуу. Бул сайт аркылуу турмушка зарыл курстар менен семинарларга катталууга, ой-пикир бөлүшүүгө жана Билим жана карьера борборуна мүчө болууга мүмкүнчүлүк бар. Ошондой эле бул сайтта мүчөлөрдүн макалалары жана силлабустары жарыяланып турат.
Сайттын оң капталындагы колонкада турмушка зарыл курсттарга катталсаңыз болот. Анүчүн курс алам деген шилтеме аркылуу барып, ачылган форманы толтуруп, ошол формадагы email аркылуу салып жибериңиз. Курска сизден башка жок дегенде 20 студент каттала турган болсо, анда ал курсту өтүү үчүн шарт түзүлөт.
Эгерде сиз бул борбор аркылуу кандайдыр бир турмушка зарыл курс окуткуңуз келсе, анда оң жак колонкадагы курс сунуштоо шилтемеси аркылуу барып, атайын форманы толтуруңуз да ошол формада көрсөтүлгөн email аркылуу салып жибериңиз. Биз сиздин курсуңузду студенттерге кулактандырабыз жана кем дегенде жыйырма студент каттала турган болсо, ошол курсту өткөрүүгө сизге шарт түзүп беребиз.
Башында айтылып кеткендей биздин негизги максатыбыз – тилектеш профессиналдардын коомун жаратуу. Бул коомго мүчө болуу үчүн оң капталдагы колонкадан мүчө болуу деген шилтемени ачасыз да, ошол жердеги атайын форманы толтуруп, бизге салып жибересиз.
Сайтта эркин пикир алмашууга мүмкүнчүлүк берилген. Суроолоруңуз, сунуштарыңыз же идеяларыңыз болсо оң капталдагы колонкадан форумга алып баруучу шилтеме бар. Эгерде Борбордо болуп жаткан жаңылыктар, жумуш орундары, жаңы программалар тууралуу кабардар болуп тургуңуз келсе, анда электрондук почтаңыздын адресин оң колонканын башындагы терезе аркылуу каттасаңыз болот.
|
|
 
|